Новости

12-майда Панфилов районунда «Улар үнү» кароо сынагы өттү, Асан Раимкулов атындагы Жайылма жалпы билим берүү орто мектебинен 2-класстын окуучусу «эң жакшы» деген бааларга окууган Токтогулов Нурсултан Калысбекович катышты. Улуттук фальклор номинациясында «Манас» айтты. Бул Нурсултандын алгачкы  ийгилиги, келечекте Манас айтуучулардын мыктысы болот деп ишенебиз.
13.05.2023 70
Асан Раимкулов атындагы Жайылма жалпы билим берүү орто мектебинде Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. окуучулар менен эскерүү кечесин өткөрүп, Меркибаева К.Н согуш баянын айтып берди, окуучулар ыр арнашты. 1941-1945-жылдарында Жайылма айылынан согушка кеткен тургундарыбызга гүл коюлду. Баатырлардын эрдиги эч качан унутулбайт.
13.05.2023 78
2023-жылдын 28-апрелинде Асан Раимкулов атындагы Жайылма ЖББОМде 1-классынын отчёттук сабагы өттү. Садырбаева Мунара Шарифовна окуучулардын билим дүйнөсүндөгү жетишкендиктерин, окуп түшүнүү, жазуу көндүмдөрүнө ээ болгондугун чагылдырып » Рахмат, сага Алиппе!» деген темада сабак майрам өткөрдү. Кечээки мотурайган бөбөктөр, бүгүнкү окуучу , эртеңки келечек ээлери. «Алиппе» китеби билим дүйнөсүнө эшик ачып, окуучуларыбыз окуп, эсептеп, жазып, ырдап бийлеп […]
04.05.2023 74
Асан Раимкулов атындагы Жайылма ЖББОМде «Физика биздин турмушта» деген темада физика сабагынан 11-21.04.2023-ж.жумалыгы өтүлдү. физика мугалими Иманкадырова Нурпери Жангазиевна ар тараптуу таймаштарды, экскурсияларды, конференция, презентацияларды уюштуруп, ачык сабак өттү. 5-11-класстын окуучулары физика сабагына сүңгүп кирип, ар тараптуу кошумча маалымат алышып, жумалыкка активдүү катышышты. Адам баласынын турмушунда физикалык кубулуштар өтө көп экендигине ынанып, жаңы ойлор, жаңы […]
04.05.2023 71
29.12.2022 112
Асан Раимкулов атындагы Жайылма ЖББОМде 1- декабрь СПИД ооруусу менен күрөшүү күнүндө Замирбек кызы Айтурган окуучулар арасында алдын алуу иш чарасын өткөрдү. Мектептин ичинде дубал газеталар чыгарылып, окуучулар ар кандай кырдаалдагы көрүнүштөрдү аткарышты. Мектеп ичинде бурч жаңыртылып, дубал газеталар чыгарылды. Класс жетекчилер тарабынан класстык сааттар өткөрүлүп, сергек жашоого багыт берилди.
29.12.2022 104
1-октябрь Эл аралык карылар күнү. Бул күндү 1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген. Карыялар күнүн белгилөөнүн максаты – дүйнө коомчулугунун улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө жана алар муктаж болгон нерселерге көңүлүн бурдуруу, карыялардын коомчулукка керек экендигин түшүндүрүү аркылуу аларга колдоо көрсөтүү. Карылар күнүнө карата мектеп окуучулары өз колдору менен белек жасап, айылдын аксакалдарына белек таратышты.
29.12.2022 103
Панфилов районунун акими Алияскаров Маил Алияскарович мектеп лидерлери менен жолугушту. Асан Раимкулов атындагы Жайылма ЖББОМнен мектеп парламентинин президенти Шамильбекова Арууке жолугушууга катышып келди.  
29.12.2022 84
1-сентябрь — Билим күнү Асан Раимкулов атындагы Жайылма ЖББОМ.     Салтанаттуу тизим өткөрүлдү жана башталгыч, орто жана жогорку баскычтарды жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша тарбиялык сааттар өткөрүлдү.
28.12.2022 85
Асан Раимкулов атындагы Жайылма ЖББОМде «Бир окуучу- бир көчөт» акциясы уланууда. Бүгүн 2022-жылдын 9-апрелинде мектеп айланасына 13 кара жыгач, 5 алма түп көчөттөрү отургузулду.
19.04.2022 137
Кыргыз эли көйкөлгөн көк ирим көлү бар, белден буралган бетеге чөбү бар, ак элечек шаңкайган аска-тоолор арасында, касташкан жоосун сүрүп, кызыл кереге боз үйдө күпүлдөтө Манас айтып, каада -салты улантып, биздин күндөргөжеткирген касиеттүүулуу журттун урпактары. Асан Раимкулов атындагы Жайылма ЖББОМнин эмгек жааматы Шамильбекова Аруукеге айылдын жалпы элинин батасын алуу үчүн унутта калып бараткан «Чач өрүү» […]
25.03.2022 146
Башталгыч класстар декадасынын 3-күнү Улуттук Ак калпак күнүнө туш келгени окуучуларды улутубуздун баш кийими болгон калпагы тууралуу кеңири маалымат берүүгө өбөлгө түздү. 2011-жылы Рысбек Жабировдун демилгеси менен официалдуу эмес белгиленген.  2016-жылдын 29-июнундагы  КРнын ЖКнин №825-VI токтому токтому менен 5-март Ак калпак күнү болуп белгиленип келет. Асан Раимкулов атындагы Жайылма ЖББОМнин башталгыч классынын мугалими Орозумбекова Г.А. […]
15.03.2022 111
1 / 212