Рахмат, сага Алиппе!
2023-жылдын 28-апрелинде Асан Раимкулов атындагы Жайылма ЖББОМде 1-классынын отчёттук сабагы өттү. Садырбаева Мунара Шарифовна окуучулардын билим дүйнөсүндөгү жетишкендиктерин, окуп түшүнүү, жазуу көндүмдөрүнө ээ болгондугун чагылдырып » Рахмат, сага Алиппе!» деген темада сабак майрам өткөрдү. Кечээки мотурайган бөбөктөр, бүгүнкү окуучу , эртеңки келечек ээлери. «Алиппе» китеби билим дүйнөсүнө эшик ачып, окуучуларыбыз окуп, эсептеп, жазып, ырдап бийлеп жатышат. Мугалим ата-эне биригип билимдүү, тарбиялуу балдарды уядан учура берели. Жолуңар ачык болсун!
Комментарии