СПИД ооруусу менен күрөшүү.
Асан Раимкулов атындагы Жайылма ЖББОМде 1- декабрь СПИД ооруусу менен күрөшүү күнүндө Замирбек кызы Айтурган окуучулар арасында алдын алуу иш чарасын өткөрдү. Мектептин ичинде дубал газеталар чыгарылып, окуучулар ар кандай кырдаалдагы көрүнүштөрдү аткарышты. Мектеп ичинде бурч жаңыртылып, дубал газеталар чыгарылды. Класс жетекчилер тарабынан класстык сааттар өткөрүлүп, сергек жашоого багыт берилди.
Комментарии