Физика биздин турмушта
Асан Раимкулов атындагы Жайылма ЖББОМде «Физика биздин турмушта» деген темада физика сабагынан 11-21.04.2023-ж.жумалыгы өтүлдү. физика мугалими Иманкадырова Нурпери Жангазиевна ар тараптуу таймаштарды, экскурсияларды, конференция, презентацияларды уюштуруп, ачык сабак өттү. 5-11-класстын окуучулары физика сабагына сүңгүп кирип, ар тараптуу кошумча маалымат алышып, жумалыкка активдүү катышышты. Адам баласынын турмушунда физикалык кубулуштар өтө көп экендигине ынанып, жаңы ойлор, жаңы ачылыштар, өздөрүнүн колдору менен физикалык буюмдарды жасап, кызыктыруучу белектерди алышты.
Комментарии