Ак калпак күнү
Башталгыч класстар декадасынын 3-күнү Улуттук Ак калпак күнүнө туш келгени окуучуларды улутубуздун баш кийими болгон калпагы тууралуу кеңири маалымат берүүгө өбөлгө түздү. 2011-жылы Рысбек Жабировдун демилгеси менен официалдуу эмес белгиленген. 2016-жылдын 29-июнундагы КРнын ЖКнин №825-VI токтому токтому менен 5-март Ак калпак күнү болуп белгиленип келет. Асан Раимкулов атындагы Жайылма ЖББОМнин башталгыч классынын мугалими Орозумбекова Г.А. 1-4 -класстардын окуучуларына калпактын тарыхын, анын өңү-түсү боюнча ажыратылышын, андагы оюмдардын маанисин, айрым оюулардын аталышы, калпактын түзүлүшү жөнүндө кеңири маалымат берди.
Комментарии